Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеӊешинин алгачкы жыйыны өтөт. Жыйын коррупция маселесине арналат. Бул тууралуу мамлекет башчынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев менен жолугушуусунда белгилүү болду. Сооронбай Жээнбеков катчы менен негизги багыттарды жана келерки жылдын планын талкуулады.
Маалыматка ылайык, Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшүү системасын кайра түзүү керектигин айтып, жемкорлукка каршы жаңы механизмдерди иштеп чыгуу зарылчылыгын белгилеген. Ошону менен катар бардык мамлекеттик органдардын уюшкандыкта иштөөсүн, улуттук коопсуздуктун сырткы жана ички коркунучтарын жоюуну камсыз кылуу талабын койгон.
Эл аралык Transparency International деп аталган коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кыймылдын маалыматына ылайык Кыргызстан мамлекеттик секторлордогу коррупцияга каршы күрөшүү боюнча 176 өлкөнүн ичинен 136 орунда экендиги белгилүү.