• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Сосновкада оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

28 Бештин айы 2023 10:29 Бишкек Govori.TV

Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдады.

Маалыматта айтылгандай, 28-декабрга карата өлкөнүн ашуулары менен жолдорунда унаа кыймылына чектөө жок, каттам бар. Буга чейин Сосновка постунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө саат 9:00до алынды.

«Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 242-271 жана 271-372-чакырым аралыгындагы жолго инерттик материалдар себилип, тазалоо иштери аткарылды. Көк-Мойнок-Кубакы унаа жолунун 0-26,1-чакырымына кум-туз аралашмасы чачылды. Ош-Сары-Таш-Эркечтам унаа жолунун Чыйырчык ашуусунда бороон басылып, тазалоо иштери жүрүүдө. Каттам бар. Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка унаа жолунун 100-180-чакырым аралыгында, Красная-Горка-Ак-Таш жолунун 0-12-чакырымында жолду кеңейтип сүрүү жумуштары жүрүп жатат. Барскоон-Ак-Шыйрак жолунун Сөөк ашуусунда бороон болуп жатат, каттам бар, тазалоо үчүн техникалар даяр. “Каракол” тоо лыжа базасына кетчү жолго инерттик материалдар чачылып, унаалар тоскоолдуксуз чыгып жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, өлкөнүн бардык ашуулары менен жолдорунда каттам бар. Тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп жатат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды жанына күрөк менен чынжырчаларды алып жүрүү менен катар жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 91