• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сот арачылары аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министрдин ишин карай баштады

28 Жалган куран 2024 15:05 Бишкек Govori.TV

27-мартта сот арачыларынын катышуусунда Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча негизги соттук териштирүүлөр башталды. Ал жарандык никедеги аялы Салтанат Нукенованы мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда.

Отурум башталарда судья сот арачылардын коллегиясын сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салган. Анын курамы шаршемби күнү эртең менен жабык жыйында аныкталган.

Соттун чечими менен журналисттер залга киргизилбей, отурумдун жүрүшүнө башка бөлмөдөн онлайн режимде көз салышкан.

Отурумда прокурор Айжан Аймаганова айыптоо корутундусун окуп, Бишимбаев аялына «системалуу түрдө физикалык зомбулук көрсөтүп келгенин» билдирди. Тергөөнүн версиясына ылайык, Нукенова күйөөсү сабагандан кийин алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Сотто экс-министр тагылган айыптоолорду дагы бир жолу четке кагып, «атайылап мыкаачылык менен» адам өлтүрбөгөнүн билдирди.

Бишимбаев менен чогуу анын тууганы Бахытжан Байжанов да соттолууда. Ага «Кылмышты жашыруу» беренеси менен айып тагылган. Ал судьянын «күнөөңүздү мойнуңузга аласызбы?» деген суроосуна кылмыш кылган-кылбаганын билбей турганын айтып жооп берди.

Сот бул иш боюнча кийинки отурумду 29-мартка дайындады.

44 жаштагы Куандык Бишимбаев 31 жаштагы аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Анын адвокаттары иш «Этиятсыздыктан улам адам өлтүрүү» беренеси менен каралышы керектигин билдирүүдө. Экс-министр бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Количество просмотров: 99