• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Казакстанда аялын өлтүрүүгө айыпталган экс-министрдин иши майда каралат

13 Жалган куран 2024 9:26 Бишкек Govori.TV

Казакстанда аялын мыкаачылык менен өлтүрүүгө айыпталып жаткан мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин иши боюнча отурумдар сот арачыларынын катышуусунда өтөт. Бул тууралуу ишти караган судья Айжан Кулбаева билдирди.

«Сот айыпталуучу Бишимбевдин ишти сот арачылары карасын деген өтүнүчүн канааттандыруу чечимин кабыл алды», – деди ал.

44 жаштагы Куандык Бишимбаев 31 жаштагы аялы Салтанат Нукенованы өзгөчө мыкаачылык менен өлтүргөн деп айыпталууда. Анын адвокаттары иш «Этиятсыздыктан улам адам өлтүрүү» беренеси менен каралышы керектигин билдирүүдө. Экс-министр бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бишимбаев менен чогуу анын тууганы Бахытжан Байжанов да соттолууда. Ага «Кылмышты жашыруу» беренеси менен айып тагылган.

Бул иш боюнча алгачкы болжолдуу угуулар 11-мартта башталган. Судья иш каралып жаткан сот залы тар экенин билдирип, журналисттерди киргизген эмес. Процессти чагылдыруу үчүн барган ЖМК өкүлдөрү соттун жүрүшүнө пресс-борбордогу монитор аркылуу көз салууга аргасыз болушкан. Отурумда айыптоо өкүмү окулуп жатканда трансляция бир нече жолу үзгүлтүккө учураган. Буга байланыштуу ондогон журналист «ишмердүүлүктөрүнө тоскоолдук болгонун» билдирип, полицияга арыз менен кайрылган. Алар отурумга жок дегенде операторлорду киргизүүнү өтүнүп жатышат.

Сот өкүлүнүн айтымында, залга соттолуучулар, алардын адвокаттары жана 20 кишиден турган конвой тобу гана батат. Башка чоң залдарда соттолуучулардын саны кыйла көп болгон башка иштер каралууда.

Бишимбаевдин иши боюнча кийинки отурум 27-марта дайындалды.

Количество просмотров: 49