Бишкек шаарынын мэринин мурдагы орун басары Жамалбек Ырсалиев 5-июнда Бишкек шаардык сотунан акталган.
Маалыматта айтылгандай, шаардык соттун чечими менен Ырсалиев күнөөсүз деп табылып, анын аракеттеринде кылмыш курамы жок деп акталган.
Эске салсак, 2025-жылдын июль айында УКМК Жамалбек Ырсалиевге карата муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.
Атайын кызмат ал Тунгучта 1,5 миңдей чарчы метр жерди алты жыл бою “мыйзамсыз пайдаланып келгенин”, мамлекетке 3 миллион сомдой зыян келтирилгени аныкталганын кабарлаган. Көп өтпөй Жамалбек Ырсалиев мамлекетке 2,9 миллион сом зыяндын ордун толтуруп, эч жакка кетпөө жөнүндө тил каттын негизинде эркиндикке чыккан.