• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот департаментинин жаңы директору дайындалды

14 Жетинин айы 202314:05 Бишкек Govori.TV

Урмат Кожомбердиев Жогорку сотко караштуу Сот департаментинин директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка 11-ноябрда Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков кол койгон. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Замирбек Базарбеков бүгүн Сот департаментинин жамаатына жаңы директорду тааныштырып, ишине ийгиликтерди каалап, анын алдында актуалдуу маселелерди чечүү зарылдыгы турганын белгилеп, жакшы саамалыктарды улантууну сунуштады.

Количество просмотров: 151