• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Сот Исаевди камакка алды

22 Жетинин айы 202420:37 Бишкек Govori.TV

22-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Канатбек Исаевди УКМК тергөө абагына 4-декабрга чейин камакка алды.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо” беренеси менен кине тагылганы белгилүү болду. Саясатчы журналисттерге коюлган айыпка макул эмес экенин айтты.

Канатбек Исаевди УКМК кызматкерлери 20-ноябрда кармаганы 22-ноябрда белгилүү болду.

Атайын кызмат саясатчыга козголгон иш тууралуу маалымат бере элек.

Количество просмотров: 214