• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сот Кеңешбек Дүйшөбаевди эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотту

21 Бугу 202416:07 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев эч жака кетпөө тил каттын негизинде камактан бошотулду. Маалыматты Govori.TVга анын жактоочусу Акын Авазбеков билдирди.

Мындай чечимди бүгүн, 21-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган.

14-майда Кеңешбек Дүйшөбаевди сот залына көтөрүп келишкен. Кемпир-Абад иши менен айыпталып жаткан Дүйшөбаевдин ден соолугу начарлаганына карабай, аны сотко катышууга мажбурлап алып келингени буга чейин да маалымдалган болчу.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып жаткан саясатчы, активисттер абактагы Кеңешбек Дүйшөбаевдин ден соолугуна кабатыр болуп жатышкандыктарын айтып,15-майда кайрылуу жасашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Количество просмотров: 104