• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сот Ошурахуновага айып салган ишти токтотту

21 Чын куран 20229:37 Бишкек Govori.TV

Шаардык сот укук коргоочу Динара Ошурахуновага 3 миң сом айып салган ишти токтотту. Бул тууралуу маалымат «Кылым шамы» укук коргоо уюмунун Фейсбук баракчасына жарыяланды.

Маалыматка караганда, 20-апрелде Ошурахунованын Биринчи май райондук сотунун чечимине каршы апелляциялык арызы каралган. Ал эми Абдирасулова менен Токтонасыровдун апелляциялык арызы Бишкек шаардык сотунда 26-апрелде каралат.

Эске салсак, 17-мартта укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасулова Орусиянын элчилигинин алдына Украинадагы операцияны токтотуу талабы менен пикетке чыккан. Аларды милиция кармап кеткен. Кийин сот 3 миң сомдон айыппул салган.

Количество просмотров: 61