Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына митингге чыккан укук коргоочулар Өндүрүш Токтонасыров, Динара Ошурахунова, Азиза Абдирасуловалар Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна жеткирилди.
Укук коргоочу Азиза Абдирасулованын айтымында аларга эки берене менен айып коюлууда (майда бейбаштык жана тартип сакчыларына моюн сунбоо).
Бүгүн айрым жарандык активисттер менен укук коргоочулар элчиликтин алдында Украинаны колдоо максатында акцияга чыгышкан. Аларды милиция кызматкерлери кармап кеткен.
14-мартта Бишкектин Биринчи май райондук соту Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында 11-марттан 11-апрелге чейин митинг, акцияларды өткөрүүгө тыюу салуу боюнча райондук ички иштер бөлүмүнүн чечимин мыйзамдуу деп тапкан.
Ала-Тоо аянтында, Жогорку Кеңештин жана президенттик администрациянын имаратынын алдында да акцияларды өткөрүүгө убактылуу тыюу салынган.