• Ишенби 6 Теке 2024
  • Суббота 6 Июль 2024

Сотко берем! Комитет жыйынында депутаттар уруша кетти

27 Бугу 2024 11:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-майда ЖКнын Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Балбак Түлөбаев менен Султанбай Айжигитовдун ортосунда пикир келишпестик орун алды.

Жыйында “Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралып жатат.

Документтин демилгечилеринин бири, депутат Балбак Түлөбаев чет өлкөлүк жарандарга Кыргызстандын калган аймактарында мүлк алууга уруксат берилгенин маалымдап, “кандайдыр бир себептер менен Ысык-Көл облусунда гана мүлк алууга тыюу салынып калганын” айтты. Депутат сунушталып жаткан мыйзам долбоору аталган аймакта чет элдик жарандарга мүлк сатып алууга уруксат берүү максатын көздөй турганын белгилеп, «мында жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин» кошумчалады.

Депутат Султанбай Айжигитов жаңы мыйзам долбоорунда рекреациялык объектилерди чет элдиктерге менчиктештирүү каралып жатканын сынга алып, алардын катарына эс алууга берилген жерлер кирерин белгиледи.

Количество просмотров: 227