• Бейшемби 25 Теке 2024
  • Четверг 25 Июль 2024

Күзөтчү менен мушташып кеткени айтылган депутат Ажибаев билдирүү таратты

5 Теке 2024 9:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибаев соода борбордун күзөтчүсү менен чырдаша кеткени боюнча түшүндүрмө берди.

«Унаада кичинекей наристем менен келинчегим бар болчу. Алардын көзүнчө уят сөздөрдү угуп, чыдап отура алган жокмун. Унаадан түшүп, «машинеден ары тур”, — деп түрттүм. Ал дароо белимден кармап, жерге жыгып, бир азга алыша кеттик. Карап тургандар ажыратып коюшту. Мен окуядан кийин милицияга арыз жазганмын», — дейт эл өкүлү.

Чыңгыз Ажибаев күзөтчү менен элдешкенин айтып, жазган арызынан баш тартканын билдирди.

Ал эми милиция кабарлагандай, 21-июнда 102 кызматына соода борборлордун биринин автоунаа токтотуучу жайынын кызматкери менен айдоочунун уруша кеткени жөнүндө маалымат түшкөн. Бул окуя боюнча Чыңгыз Ажибаев милицияга арыз менен кайрылып, И.Д аттуу адам кол көтөргөнүн билдирген. Кийин арызынан баш тартканына байланыштуу кылмыш иши козголгон эмес.

4-июлда социалдык тармактарда автоунаа токтотуучу жайлардын биринде машинеден түшкөн айдоочу башка бир адам менен мушташа кеткен видео тараган. Алардын бири депутат Чыңгыз Ажибаев экени айтылып, талкууланып жаткан.

Количество просмотров: 192