орбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча шайлоодо Айжигит Тыналиевди жана бир мандаттуу №29 Свердлов шайлоо округу боюнча шайлоодо Жумабек Салымбековду жеңүүчү деп тапты. Бул тууралуу маалымат БШКнын сайтына жарыяланды.
Тыналиев өз округунда 3 498 добуш алган (16,04%), ал эми Салымбеков өз округунда 10 623 кишинин (64,68%) добушун алган.
30-июнда №5 Ноокат, №36 Ысык-Көл жана №29 Свердлов бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңешке депутаттарды кайра шайлоо өттү.