• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сотто ызы-чуу. Илгиз Шаменов отурумдан күчтөп чыгарылды

27 Жалган куран 2024 11:26 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-мартта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча соттук териштирүүлөр уланууда.

Кемпир-Абад иши боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан жарандык активист Илгиз Шаменов (Илгиз Сарылдык уулу) сот залынан күчтөп чыгарылды.

Белгилей кетсек, Ички иштер министрлигинин Тергөө башкармалыгы буга чейин ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан жараянга келген ЖМК өкүлдөрү менен айыпталуучулардын жакындары сот залына киргизилген жок.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен 9у киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Ишти Биринчи Май райондук соту 22-июндан тартып жабык карай баштаган. Айыпталуучулар сот жараяны ачык өтүшүн талап кылып келишет.

Количество просмотров: 173