Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоп түзөө иштери аяктады. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура агенттигинен билдиришти.
Толук бойдон реконструкциялоодон өткөн стадион 2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарын өткөрүүгө даяр болду. Стадионго 18500 көрүүчү батат.
Д. Өмүрзаков атындагы стадион алгач Спартак деп аталып келген. Кыргызстандагы борбордук стадион 1941-жылы ачылган.
Эми 10-сентябрда Кыргызстан-Өзбекстан курама командалары футбол боюнча беттешет. Айта кетсек, бүгүн Өзбекстандын курама командасы Бишкекке келгени белгилүү болду.