• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Судандын премьери жапырт нааразычылык акциялардан улам кызматтан кетти

4 Үчтүн айы 2022 10:37 Бишкек Govori.TV

Судандын премьер-министри Абдулла Хамдук бийликтин аскерлердин колуна топтолуусуна жана саясий кризиске каршы көчө жүрүштөрүнөн улам кызматтан кеткенин жарыялады.

Ал телекайрылуусунда бул кадамы учурдагы өткөөл мезгилден чыгууга жана жаңы министрлер кабинетин түзүүгө мүмкүнчүлүк жаратарын билдирди.

«Мен жоопкерчиликти өз моюнума алып, премьер-министрлик кызматтан кеткенимди жарыялайм. Бул асыл өлкөнүн башка бир эркек же аял кишисине жарандык демократиядагы өлкөнү өткөөл мезгилден алып өтүүгө жардам берүү мүмкүнчүлүгүн берүүнү чечтим», — деди Хамдук.

Ал Судандын толук демократияга өтүшүн аяктоо үчүн саясий күчтөрдү сүйлөшүүгө чакырды.

2021-жылдын октябрь айында Суданда кезектеги төңкөрүш болуп, аскерлер өлкөдө өзгөчө кырдаал киргизилгенин, министрлер кабинетин жана эгемендүү кеңешти таратканын жарыялашкан.

Өткөөл өкмөттүн бир нече мүчөсү, анын ичинде Хамдук да кармалган болчу. Бир айдан соң өлкөнүн иш жүзүндөгү лидери генерал Абдел Фаттах ал-Бурхан менен биргеликте премьер-министр Хамдук кайра кызматына кайтып келген.

Экөөнүн ортосунда саясий келишимге кол коюлган. Бирок Хамдук армия тараткан мурдагы өкмөттүн ордуна жаңысын түзө алган эмес.

Өкмөт башчынын кызматтан кетишин талап кылган Хартумдагы нааразылык акциялары учурунда кеминде үч адам набыт болгон.

2021-жылдын октябрынан бери Судандагы каршылык акцияларда жалпысынан 57 адамдын өмүрү кыйылган.

Ага чейинки аскердик төңкөрүш Суданда 2019-жылдын апрель айында болгон. Өлкөнү 30 жыл башкарган президент Омар ал-Башир отставкага кетип, аскерлер өлкөдөгү бийлик алар түзгөн кеңешке өткөнүн жарыялашкан.

Количество просмотров: 78