• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Сурабалдиева: Бул чатак. Протоколго кирбеген дары-дармектер менен бейтаптарды өлүмгө жеткирүүдө

5 Бештин айы 2020 17:07 Бишкек Govori.TV

Коронавируска чалдыккандарга протоколго кирбеген дары-дармектерди берүү бейтаптарды өлүмгө жеткирүүдө. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева 5-декабрда «Твиттерге» жазды.

«Жалал-Абаддагы менчик ооруканадан тогуз бейтап мамлекеттик аймактык ооруканага которулду, алардын сегизи көз жумду. Прокуратурага иликтөө тапшырмасы берилди. Бул — чатак»,- деп Сурабалдиева жазды.

Окуя качан болгонун Сурабалдиева жазган жок.

Вице-премьер-министр 2-декабрда Кыргызстанда коронавирус күчөп турган жай мезгилинде Кытайдан келген күмөндүү дарылар таратылганын айткан. Өкмөт өкүлү препараттар сыноодон өтпөгөнүн белгилеп, ага жооптууларды айыптаган.

Саламаттык сактоо министрлиги кеп болгон каражаттар гуманитардык жардам катары келгени үчүн бейтаптарга кошумча берилгенин билдирген.

Количество просмотров: 209