Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Будапештте өтүп жаткан суу спорту боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты.
Федерациядан билдиришкендей, Петрашов 100 метр аралыкка брасс ыкмасы менен сүзүүдө жигердүү жыйынтык көрсөтүп, өлкөнүн рекордун жана Кыргызстандын курама командаларынын дүйнөлүк чемпионаттарга катышуу тарыхында эң жогорку көрсөткүчкө жетишти.
«Азыр биздин үмүтүбүз эртеңки 200 метрге брасс ыкмасында сүзүүгө багытталган, анда Денис өзүнүн максималдуу мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүнү пландаштырууда», — деп кошумчалады федерациянын президенти Уланбек Акматбаев.