• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатынын финалына чыкты

15 Аяк оона 20259:41 Бишкек Govori.TV

Балбан Бекзат Алмаз уулу Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

57 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалга чыгуу үчүн болгон беттеште Париж Олимпиада оюндарында 3-орун үчүн болгон кармашта жеңилген өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди 8:0 эсебинде утуп, реванш алды.

Финалда Бекзат Алмаз уулу 1-орун үчүн Түндүк Кореянын балбаны Чонгсон Хан менен кармашат.

Количество просмотров: 98