• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузакта 11 тургун диний-экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты

24 Кулжа 202416:28 Бишкек Govori.TV

Сузак районунун Бек-Абад айылынын 11 тургуну «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Эскерте кетсек, буга чейин УКМК кызматкерлери тарабынан аталган экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартуу менен диний-экстремисттик уюмдарга каршы алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн профилактикалык иш-чаралардын жыйынтыгында Бек-Абад айылынын 11 жараны: Н.С., А.Ф., М.у.М., Ю.С., А.М., М.Д., К.Р., А.Ш., О.М., М.З. жана М.М. коомчулук алдында экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Аталган жарандар буга чейин «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун экстремисттик ишмердүүлүгүнө катышып, идеологиясын карманышкан.

Жогоруда аталган жарандар өздөрү тандап алган диний агымдын жаңылыштыктарын моюнга алып, жарандарды «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.

Учурда УКМК тарабынан «Хизбут-Тахрир» ДЭУнун кылмыштуу аракеттерин аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле дагы башка тыюу салынган диний-экстремисттик уюмдардын катарына жаңы тарапкерлердин тартылышын алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

«Хизбут-Тахрир» ДЭУсу Жогорку соттун 2003-жылдын 20-августундагы чечими менен экстремисттик уюм деп таанылып, анын Кыргызстандын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Мындан улам УКМК аталган уюмга кирүү кылмыш жоопкерчилигине алып келерин эскертет

Теги:
Количество просмотров: 94