• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Сузакта 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

11 Теке 202514:44 Бишкек Govori.TV

Сузак районуна караштуу Беш-Бала айылындагы №52 Арзыкулов атындагы заманбап мектеп быйыл пайдаланууга берилет.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 375 орунга ылайыкталган.

Долбоорго ылайык, мектептин жалпы аянты 1 734 чарчы метрди түзөт. Имарат үч негизги блоктон турат: эки кабаттуу окуу корпусу, өтмө галерея жана спорт залы.

Курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.

Объектинин курулуш иштери Курулуш министрлигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлгө алынган.

Количество просмотров: 122