• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Сузакта 166 млн сомго бааланган жер мамлекетке кайтарылды 

15 Бештин айы 2022 12:39 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда баасы 166 млн 320 миң сомду түзгөн “Достук” паркынын 1,11 га жер аянты Сузак айыл өкмөтүнүн балансына алынды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сузак райондук прокуратурасы текшерүү жүргүзүп, анда Сузак айыл өкмөтүнүн борборунда орун алган “Достук” паркынын 1,11 га жер аянтына текшерүүгө чейин эч кандай укук тастыктоочу иш кагаздары алынбастан, ээси жок калып, айыл өкмөттүн балансында жок экендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Сузак райондук прокуратурасы тарабынан Сузак айылынын борборунда жайгашкан “Достук” паркынын жери муниципалдык менчикке алуу үчүн келтирилген прокурордук актыны кароонун натыйжасында, көрсөтүлгөн жер аянты мунципалдык менчикке алынып, укук тастыктоочу иш кагаздары берилди

Количество просмотров: 86