• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Сузакта 27 жаштагы Нодиробегим изделүүдө

4 Чын куран 2022 17:49 Бишкек Govori.TV

Сузак районунун Күмүш-Азиз айылынын 1994-жылы туулган тургуну Абабакирова Нодиробегим Абабакировна изделип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Маалым болгондой, Абабакирова Нодирабегим үстүбүздөгү жылдын 23-мартында таңкы саат 5:00 чамасында «Мени издебегиле, мени кечиргиле» деген кат жазып, чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Туугандары алгач өз алдынча издеп таба алышпай, милиция кызматкерлерине кайрылышкан.

Абабакирова Нодирабегим бою 175-180 см чамалуу, узун кара чачтуу, кара көз, акжуумал кыз. Ошол күнү жашыл жоолук салынып, узун кызыл көйнөк, сары камзир, кара тапочкасын кийип кеткен.

Эгер сүрөттөгү кызды бир жерден көргөндөр же ал тууралуу маалымат билгендер болсо, Жалал-Абад облустук же Сузак райондук милициясына кабарлап коюуну өтүнүшөт. Телефон номерлер: 102, (03748) 5 02 09; 0556 84 84 58.

Количество просмотров: 72