• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Сузакта контрабандалык жүк кармалды

21 Бирдин айы 202217:24 Бишкек Govori.TV

Сузакта бажы кызматкерлери наркы 1,1 млн сомдон ашуун контрабандалык тамекини кармады. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Сузак айылында Д.Т. аттуу кыргыз жаранынын башкаруусундагы “Мерседес-Бенц 413 CDI” үлгүсүндө унаа токтотулган.

Унааны текшерүүдө 14 миң 500 таңгак санда Milano London соода маркасында фильтирлүү акциздик маркасыз тамекилер табылган. Кармалган товарлардын орточо базар баасы 1 млн 160 миң сомду түзөт.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 203