• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Сузакта сел жүрдү

5 Бугу 2022 9:45 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Алдын ала маалымат боюнча, 4-май күнү саат 22:50 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон келген сел суулар Атабеков, Кара-Жыгач, Кызыл-Багыш, Түркабад, Барпы, Жаңы-Айыл, Комсомол жана Миң-Өрүк айылдарында турак үйлөрдү каптаган.

«Б.Осмонов айылынын Муратали көчөсүндө 20 жана Авазбеков көчөсүндө 18 турак үйлөрдүн ичине сел суулар кирип, тургундар өз алдынча коопсуз жерге көчүрүлүп, Миң-Өрүк айылында 1 турак үй урап түшкөн. Мындан сырткары Чангет-Сай дарыясынын денгээли көтөрүлүп, Чокмор айылындагы турак үйлөрдү каптаган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Сузак райондук ыкчам топтору, 77 куткаруучу, техникалар тартылып, кырдаалды жоюу иш-чараларын жүргүзүшүүдө.

Количество просмотров: 261