Сузактагы «Манас айтуу» иш-чарасында унаа тебелеп кетип, баш сөөгү сынган тогуз жаштагы кыздын башына операция жасалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 4-майда Бишкекте өспүрүмгө операция жасалган.
«Бейтаптын операциядан кийинки абалы туруктуу. Бардык жабырлануучулар компьютердик томографиядан жана зарылчылыкка жараша лабораториялык изилдөөлөрдөн өтүп, тиешелүү дары-дармектер берилди», — деп айтылат маалыматта.
Министрлик калган жабырлануучуларга көрсөтмөгө жараша пландуу операциялар жасаларын билдирди.
Ошондой эле, Жалал-Абад облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында 9 бала дарылануусун улантууда, алардын абалы туруктуу. Бир бейтап үйдөн дарыланууга чыгарылган.
2-майда саат 11:30 чамасында Сузак районунун Көк-Арт айыл өкмөтүндөгү эс алуучу жайында манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.
Окуя боюнча бардык жагдайларды тактоо үчүн комиссия түзүлгөн.