Сузактын Катмы жайлоосунда «Манас айтуу» боюнча сынакта Сузакта окуучуларды тебелеп кеткен «Портердин» айдоочусу Баатыр Атамкуловго каршы козголгон кылмыш иши кыскартылды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук соту маалымдаган.
Кырсыкка байланыштуу ишти Сузак райондук соту 24-июлда карап чыккан. Анда 11 баланын ата-энеси Баатыр Атамкулов менен жарашып, тосмо арыз жазып беришкендиктен, иш кыскартылган.
Айдоочу Кылмыш-жаза кодексининин 312-беренеси менен, этиятсыздыктан ден соолукка оор залака келтирүү, автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузууга айыпталган.
Эске салсак, 2-майда болгон окуяда 29 бала жабыркап, 18и ооруканага түшкөн.
Бир нече милиция кызматкери тартип жазасына тартылып, райондук билим берүү башкармалыгынын жетекчилиги иштен алынган.
Айдоочу иш-чарага демөөрчү катары балмуздак алып барып, унаасынан түшүп, телефон менен сүйлөшүп жаткан кезде «Портер» жүрүп кеткен.