Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Сыдыгалиев “75чилердин каты” деп аталган иш боюнча айыпталып, эркиндикте жүргөн үч саясатчыны камакка алуу керек деп эсептейт. Мындай пикирин ал 17-июнда “Азаттыкка” билдирди.
Депутат коюлган айып оор болгонуна карабай алардын эркиндикте жүрүшү туура эмес экенин айтууда:
“Мисалы, Камчыбек Ташиев менен Курманкул Зулушев сотко барып алып кандай мамиле кылып жатканын көрүп атасыңар. Алар айыпталуучулар да, туурабы? Камап туруп тергеп, соттон да кармап, процессти улантыш керек болчу. Анткени мыйзам баарына бирдей болушу керек эле. Бизде андай болбой жатат. Сотто отуруп алып биздин депутатыбызды эмне кылып жатышат? Соттолуучу Сурабалдиева, тигилер күбө катары келгендей жүрүшөт”.
Сыдыгалиев бул анын депутат катары жеке пикири экенин жана сотко, укук коргоо органдарына басым катары кабыл алынбашы керектигин кошумчалады.