• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат

23 Тогуздун айы 2020 14:26 Бишкек Govori.TV

Учурда Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарында жана Чүй, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында жамгыр жаап жатат, ал эми республиканын калган аймактарында күн бүркөө. Учурда Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар себелеп жатат.

«ӨКМ тоолуу унаа жолдору менен алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга унаанын дөнгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, жаныңыздарга унаа жолго керектелүүчү жабдууларды ала жүрүүнү унутпаңыздар. Мындан сырткары унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты сактоо зары», — деп айтылат билдирүүдө.

Кырдаалды жеринде көзөмөлдөө максатында ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл району бөлүмүнүн кызматкерлери жерине жөнөп кетишти.

Количество просмотров: 213