• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өтмөктө оор жүк ташуучу унаалар үчүн чектөө алынды

13 Бирдин айы 202613:54 Бишкек Govori.TV

Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолундагы Өтмөк ашуусунда саат 13:00дөн тартып оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

«Учурда каттам бар, жолдор ачык. №36 Жол тейлөө мекемеси тарабынан тазалоо жана инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, кечээ аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилген.

Количество просмотров: 149