• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу автоунаага убактылуу чектөө кирди

6 Үчтүн айы 202511:02 Бишкек Govori.TV

5-январда саат 23:30дан тартып Бишкек-Ош жолундагы «Сосновка» бекетинде оор жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу 6-январга караган түндө Транспорт жана байланыш министрлиги кабарлады.

Буга ашуулардагы аба ырайынын кескин өзгөрүүсү себеп болгону, чектөө жүк ташуучу автоунаалардын бардык түрүнө киргизилгени кабарланды.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын айдоочуларды каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен автоунаалардын ортосундагы аралыкты 500 метрден кемитпей айдоого чакырган.

Количество просмотров: 191