Бишкек–Ош унаа жолунун Тɵɵ-Ашуу ашуусунда оңдоо иштери жүрөт. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 130–146-чакырымдар (16 км ) аралыгындагы эски асфальт катмары сыйрылып, анын ордуна жаңы асфальт төшөлөт.
Мындан тышкары, Бишкек – Ош унаа жолунун Сосновка постунан Тоо-Ашуу ашуусунун түшө беришине чейинки (80–139-чакырымдар) тилкесинде коопсуздукту камсыздоочу парапеттерди алмаштыруу иштери жүрүүдө.