• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Төө-Ашуудагы тыгын: Ыкчам штаб иштеп жатат

16 Тогуздун айы 20247:52 Бишкек Govori.TV

Өзгөчө кырдаалдар министирлигинин маалыматына ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун 129-132-чакырым аралыктарында (Төө-Ашуу ашуусу) кар жаап, жол тайгак болгондуктан жол тыгыны болууда. 

Алдын ала маалымат боюнча жеринде 1000ге жакын унаа токтоп турат. Оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан кырсыктардын алдын алуу максатында абал тыкыр көзөмөлгө алынууда. 

Жеринде Өзгөчө кырдаалдар министринин эки орун басарынын жетекчилигинде 2 куткаруу унаасы, 4 каМАЗ , 1 көчмө башкаруу пункту унаасы, 3  пикап унаасы жана  куткаруучулар  тиешелүү жумуштарды жүргүзүүдө. Ошондой эле ӨКМ тарабынан унааларга күйүүчү май жеткирилип берилүүдө.

Жылынуу пунктары төшөк (одеяло) менен камсыздалып, жарандарга ысык чай берилүүдө.

Төө-Ашуудагы жол тыгынына байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин жетекчилигинде ыкчам штаб уюштурулуп, тиешелүү кечиктирилгис жумуштар жүрүүдө

Бишкек-Ош унаа жолундагы Сосновка постунда 14-октябрда түнкү саат 22:00дөн тарта оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

Саат 06:20га карата Бишкек – Ош унаа жолунун 126-чакырымга чейинки аралыгы таза. Ал эми 126-137-чакырым аралыктарында кар жаап, жол тайгак болууда (Төө-Ашуу ашуусу). 

132-чакырымда оор жүк ташуучу унааларда жайкы дөңгөлөк болгондуктан жолду тосуп калып, болжол менен 4-5 чакырым узундукта жол тыгыны пайда болгон. 

Тартылган күчтөрдүн жардамында оор жүк ташуучу унаалар жолдун четине жылдырылып, жеңил унаалар Ош тараптан Бишкек тарапка өткөрүлө баштады. 

Жеринде  ӨКМден жалпы 63 куткаруучу, 13 техника тартылып, күйүүчү майы түгөнгөн унааларга күйүүчү май берилүүдө. 

Мындан сырткары №9 ЖТИден 10 кызматкер, 2 грейдер, 2 жүктөгүч, 3 самасвал, ИИМден 12 кызматкер, 4 экипаж тартылган. Кошумча маалымат берилет.

Төө-Ашуу ашуусундагы жол тыгындын пайда болуусуна оор жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөгү жайкы жана чынжырчалары жок болгондугу себеп болууда. 

Оор жүк ташуучу унаалар жолду бөгөп туруп калгандыктан каттамды ачуу максатында жеринде ӨКМдин, Жол тейлөө мекемесинин күч жана каражаттарынын жардамында жолдун жээгине чыгарылуууда. 

Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн эртең менен Төө-Ашуу ашуусунда аба ырайына байланыштуу жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө коюлган чектөө алына элек.

Количество просмотров: 392