• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Түндүк айланма жолун курууда 400дөн ашык объект демонтаждалды

13 Бугу 202615:14 Бишкек Govori.TV

Түндүк айланма жолун курууда 400дөн ашык объект демонтаждалды. Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев билдирди.

Шаар жетекчиси бул иштер жолдун курулушун ыкчамдатууда көмөк болгонун айтты.

“Алты тилкелүү кенен жол өтмөктөрү менен салынышы керектигин мэрия демилгелеген. Жол куруу иштерин Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жүргүзүүдө. Биз болсо жол ыкчам салынышы үчүн демонтаж иштерин аткарууга милдеттенме алганбыз. Бүгүнкү күндө турак жай жана башка курулуштарды ала турган болсок, 424 объект демонтаждалды”, — деди мэр.

Количество просмотров: 201