Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 271-чакырымына түшкөн таш толук тазаланды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, ал эми 243-280-чакырым аралыктарына дагы таш түшүп, жеринде атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери улантылууда.
«Учурда бир тараптуу жол ачык, каттам бар. Дагы кошумча маалымат берилет», — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 4-июнда саат болжол менен 17:30 чамасында Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылган.