Бүгүн, 4-июнда саат 17:30дарда Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолунун 270-271-чакырым аралыгына чоң көлөмдөгү таш көчкү түшүп, жол кыймылы убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, жеринде Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан атайын техникалар тартылып, жолду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
“Жол коопсуздук камсыз кылуу максатында аталган тилке аркылуу каттамга убактылуу чыкпай турууну, жол эрежелерин жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так сактоону өтүнөбүз”,-деп билдирүү таратты министрлик.
Кошумча маалымат берилет.