• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Түндүк–түштүк унаа жолунда сел калдыктары тазаланууда

11 Бугу 202615:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-майда жамгырлуу аба ырайына байланыштуу Түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун 345-360-чакырымдарын сел каптады.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, учурда №31 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалар тартылып, жолду сел калдыктарынан тазалоо иштери жүрүүдө.

Жол ачык, унаалар үчүн каттам бар.

Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактарда этият болууга жана жол кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырат.

Количество просмотров: 127