«Түндүк» тиркемеси менен жашаган жерге каттоого онлайн турса болот
«Түндүк» тиркемеси менен жашаган жерге каттоого онлайн турса болот
15 Тогуздун айы 202415:46 Бишкек Govori.TV
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, эми өзүңүздү, балаңызды, же башка жарандарды үйдөн чыкпай эле каттасаңыз болот.
Арызды кыймылсыз мүлктүн ээси гана бере алат жана тизмеде толук менчик укугу бар турак-жайлар же батирлер гана көрсөтүлөт.
Арыз берүүнүн процесси (мүлк ээлери үчүн)
Турак-жайды тандаңыз.
Жеке идентификациялык номурду киргизиңиз же балаңызды тандаңыз.
Фотоидентификациядан өтүңүз.
Булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз. Катталуучу жарандын процесси:
Келүүнүн максатын көрсөтүңүз.
Фотоидентификациядан өтүңүз.
Булуттук электрондук кол тамганы колдонуп, арызга кол коюңуз. «Эгерде сизде кызматтын шарттарына ылайыктуу турак жай жок болсо, анда колдонмо аркылуу каттоо мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү болбойт. Каалаган убакта, кезексиз жана мамлекеттик органдарга барбастан катталуу мүмкүн», — деп айтылат маалыматта. Кызмат Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасы, ККД жана «Түндүк» мамлекеттик мекемеси тарабынан ишке ашырылган.