• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Түндө Төө-Ашууда кар жаап, унаа тыгыны жаралды

24 Тогуздун айы 2020 9:57 Бишкек Govori.TV

Төө-Ашууда кар түшкөнүнө байланыштуу жол тыгыны пайда болду. Бул тууралуу социалдык тармактарда айдоочулар жазды.

Маалыматка ылайык, ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл району бөлүмүнүн кызматкерлери ашууларга жөнөп кеткен.

Белгилей кетсек, буга чейин ӨКМ Төө-Ашуу, Өтмөк жана Ала-Бел ашууларында кар жаап жатканын билдирип, алыскы сапарга чыга турган айдоочуларга унаанын дөнгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, керектүү жабдууларды ала жүрүүнү эскерткен.

Количество просмотров: 277