ӨКМдин Ысык-Көл облустук өкүлчүлүгү аба ырайына байланыштуу 11-декабрга карата маалымат берип, Балыкчы—Ананьево—Каракол, Түп—Кеген, Михайловка—Николаевка—Токтоян унаа жолдору ачык, жүргүнчүлөргө тоскоолдук жок экенин билдирди.
Белгиленгендей, өзгөчө кырдаал режими киргизилген эмес. Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.
Ал эми Ак-Суу районунда күн ачык, абал туруктуу, унаа жолдору ачык экени кабарланды. Жеринде Жол тейлөө ишканасынан жана Ак-Суу районундагы 3 айыл аймактын жалпы 19 инженердик техникасы тартылып, жолдорду кеңейтүү, тазалоо жумуш жүрүүдө.
Ак-Суу—Эңилчек унаа жолунун 82-чакырымында 10-декабрда үч жеринен кар көчкү түшүп, унаа каттамы убактылуу жабылган. Кар көчкү түшүү коркунучу сакталгандыктан унаа жолунун 38-112-чакырымы 12-декабрга чейин жабылган. Учурда жерине техникалар тартылган.
Түп жана Ак-Суу райондук ӨКБнын кызматкерлери жеринде абалды көзөмөлгө алууда. Кошумча маалымат берилет.
Белгилей кетсек, өткөн түнү Түп районунда кардын калың түшүшүнөн улам аба ырайынын татаалдашына байланыштуу тиешелүү кызматтар күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөн.