• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Түптөгү мушташтан эки окуучу жабыркады

21 Бугу 2018 8:42 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21. 05. 2018. Govori.TV
Түптөгү мектептин бүтүрүүчү класстарынын мушташынан эки окуучу бала жабыркады. Бул тууралуу Ысыккөл облустук милиция башкармалыгынан белгилүү болду.
Алардын маалыматы боюнча,  18-май күнү Түп районунун борборундагы мектепте Жалпы Республикалык Тестирлөө   өтүп, ага райондогу айылдардын бүтүрүүчү класстарынын окуучулары келип катышкан.
“Тестирлөөдөн кийин жергиликтүү мектептин балдары менен айылдан келген балдар мушташа кетишкен. Жергиликтүү милиция, окутуучулар токтотконго чейинки жалпы мушташта эки окуучу жабыркап, райондук ооруканага жаткырылган. Жалпысынан алардын саламаттыгы азыр калыбына келди”, -деп билдиришет милициядан.
Учурда бул боюнча иликтөөлөр жүрүп, мушташты алдына албаган окутуучулар жана ата –энелердин жоопкерчилиги да каралмакчы.
Количество просмотров: 30