• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Төрөт үйлөрүндө коронавирус аныкталган жок

24 Жалган куран 2020 9:11 Бишкек Govori.TV

Бул тууралуу 23-марттагы кечки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Ахматова билдирди.
Анын айтмында,Кыргызстандын аймагындагы төрөт үйлөрү кадимки режимде иштеп жатат.

«Төрөт үйлөрү өздөрүнүн режиминде иштеп жатышат. Бирок сөзсүз түрдө бардык дарылоо мекемелеринде бардык адамдардын туугандарын киргизүүгө күчөтүлгөн режимде тыюу салынган.
Чет өлкөлөрдөн да кош бойлуу айымдар келип жатат. Алар 2-төрөт үйдүн базасында бөлүнгөн санитардык-карантиндик зонада жаткырылат. Төрөт үйүнөн чыккандар ымыркайлары менен кадимкидей эле үйүнө кетип жатышат. Бүгүнкү күндө төрөт үйүндө коронавирус тастыкталган жок», — деди Ахматова.

Количество просмотров: 69