• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Төрага Мамытов Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы менен жолугушту

10 Аяк оона 2021 10:26 Бишкек Govori.TV

Венадагы спикерлердин 5-дүйнөлүк конференциясына катышуунун алкагында, КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытовдун Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу паралменттин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун негизги максаты парламенттер аралык кызматташуу, ошондой эле парламентарийлерди бириктирген эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулоо болду. Бул багытта эки өлкөнүн парламент башчылары үстүбүздөгү жылдын 27-28-сентябрында Түркстанда (Казакстан) өтө турган ТүркПА Кеңешинин жыйынынын күн тартибиндеги маселелерди талкуулашты.

Төрага Талант Мамытов кесиптешине Кыргыз Республикасындагы ички саясий жүрүмдөр жана 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү тууралуу учкай маалымат берди.

Түркия парламентинин башчысы эки өлкөнүн ортосунда кызматташуунун бардык тармактарын камтыган ырааттуу мамилелер түзүлгөндүгүн баса белгиледи. Ал соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрдү толук колдонуу зарылдыгы тууралуу оюн билдирди.

Тараптар 2022-жылы Изникте өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жүрүшүндө Түркияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу пикирин билдиришти.

Жогорку Кеӊештин төрагасы учурда Түркияда 30 миңге жакын кыргыз жарандары иштеп жаткандыгын, алар Түркияда расмий болуу мөөнөтү боюнча суроо жаралып жатканын маалымдады. Түркияда жашап жана иштеп жаткан мекендештердин кайрылууларын эске алуу менен, мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүн андан ары кеңейтүү укугу катары, кыргыз жарандары үчүн Түркияга алгачкы киргенден кийин 180 күнгө чейин визасыз жүрүү мөөнөтүн узартуу өтүнүчүн билдирди.

Жолугушуунун соңунда Талант Мамытов жемиштүү жолугушуу үчүн өз ыраазычылыгын билдирди жана мындан ары да тыгыз кызматташууну улантып, Мустафа Шентопту Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Количество просмотров: 97