Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Марлен Маматалиев “75чилердин каты” парламентке кантип келгени жана анын максаты тууралуу маалымат берип, кат Конституциялык түзүлүштөр, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде каралып, жалпы сессияга “үч-төрт вариант сунушталмак болгонун” белгиледи.
“Жөнөкөй сөз менен айтканда, “чөөнүн кылыгын” жасамай болушкан. Ал чөөлөр арстанга кол салып жатканын билишкен эмес. Чөө арстанды уткан учур болгон эмес. Арстандын артында 7 миллион эл турат. Ушул сыяктуу нерселерди кылайын деген аракети болгон”, — деди Маматалиев.
Төрага жыйында “75чилердин каты” парламентке кантип түшкөнү жөнүндө кенен маалымат берген. Ал мындай иш-аракеттин жүрүшүнөн мурдагы спикер Нурланбек Тургунбек уулунун кабардар болгонун кошумчалаган.