• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Түрк мамлекеттери банктык ассоциациялар кеңешин түздү

8 Жетинин айы 2022 11:16 Бишкек Govori.TV

Түрк мамлекеттеринин банк ассоциациялары кызматташтык келишимине кол коюу менен Кеңешти түзүшкөн. Бул тууралуу Кыргызстандын банктар биримдигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кол коюу аземи Стамбулда өттү. Ага Азербайжандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Түркиянын банк ассоциациялары катышты.

«Банктык ассоциациялар кеңеши түрк мамлекеттеринде санариптик банкинг жана төлөм системаларын өнүктүрүүгө көмөктөшөт, ошондой эле өлкөлөргө ар кандай тобокелдиктер менен күрөшүүгө жардам берет», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 88