Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван провинциясында катталган жер титирөөдөн 9 адам каза тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Түркиянын Саламаттык сактоо министри Фахреттин Кожа билдиргендей, жабыркагандар жалпы 50 кишиге чукулдаган. Алардын тогузунун абалы оор.
Эске салсак, Европа Жер ортолук сейсмологиялык борбору Түркия менен Иран ортосунда күчү 5,9 баллга жеткен жер титирөө катталганын маалымдаган.