• Жекшемби 14 Кулжа 2026
  • Воскресенье 14 Июнь 2026

Өлкө аймагында жер титиреди

14 Кулжа 202612:57 Бишкек Govori.TV

Сейсмология институтунун маалыматына караганда, 14-июнь күнү, саат 05:11де Токтогул өрөөнүнүн аймагында жер титиреди. Силкинүүнүн күчү 3,5 баллды түздү.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Шиленкана айылынан түндүк-чыгыш тарапты көздөй 6 чакырым, Торкен айылынан түндүк-чыгышты көздөй 19 чакырым, ал эми Токтогул шаарынан 36 чакырым аралыкта болгон.

Силкинүүнүн күчү Шиленканада 3.5 балл, Кара-Жыгач, Торкен, Толук, Коргон, Бел-Алды, Сары-Сөгөт айылдарында — 3 балл, Үч-Терек, Саргата, Кетмен-Төбө, Жар-Таш, Чогорчу, Ничке, Ноот айылдарында жана Токтогул шаарында 2,5 баллды түздү.

Количество просмотров: 25