Түркиянын Газиантеп шаарынан Кыргызстандын дагы 6 жараны эвакуацияланды. Бул тууралуу тышкы иштери министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, жарандар Өзбекстандын атайын борту менен Ташкент шаарына учуп кетти.
«Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги эвакуацияланган жарандардын Ташкенттен Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт. КР ТИМи жана Кыргызстандын Түркиядагы дипөкүлчүлүктөрү кырсык болгон аймактагы жарандарды эвакуациялоо жана жардам көрсөтүү иштерин улантууда»,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын 22 жараны Казакстандын атайын борту менен Астана шаарына эвакуацияланган.