• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Түркияга жардам үчүн ачылган этайын эсепке 90,7 млн сом түштү

3 Жалган куран 2023 9:44 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 3-март саат 09:00г карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 90 млн 780 миң 370,37 сом жана 15 миң 250 рубль жана 65,67 доллар түштү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган. Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК
ИНН 01803199710084
БИК 135001
ОКПО 30597768
Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.
Төлөм коду: 14411100 — “Учурдагы жардам”.

Количество просмотров: 71