• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Түркмөнстан Өзбекстанга бекер газ берди

20 Бирдин айы 2023 16:47 Бишкек Govori.TV

19-февралда Түркмөнстан президенти Сердар Бердымухамедовдун тапшырмасы менен жардам иретинде жөнөтүлгөн суюлтулган газ жүктөлгөн вагондор Өзбекстанга келди. Бул тууралуу «Худудгазтаминот» ишканасы билдирди.

Бардыгы болуп Түркмөнстандан 2000 тонна суюлтулган газ жеткирилген. Алардын 1000 тоннасын Каракалпакстан калкына, калган 1000 тоннасын Хорезм облусунун жашоочуларына берүү пландалууда.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов ай башында «эки өлкө ортосундагы ынак коңшулук жана туугандык мамилени бекемдөө» максатында Өзбекстанга суюлтулган газ берүү жөнүндө буйрукка кол койгон.

Буга чейин Өзбекстандын Энергетика министрлиги газдын партиясы муктаждарга бекер таратыларын кабарлаган. Өзбек тарап жардамга жооп иретинде Түркмөнстанга Volkswagen Caddy үлгүсүндөгү 20 «Тез жардам» автоунаасын жөнөттү.

Өзбекстанда декабрь-январь айларындагы катуу сууктан улам газ жана электр энергиясын керектөө кескин өсүп, өлкө энергетикалык каатчылыкка туш болгон.

Количество просмотров: 84